Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы 27,8%га өстү

04.01.2026 | 12:00

2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайында өнүгүүнүн жогорку темпи катталды.

Отчеттук маалыматтарга ылайык, бул мезгилде сектордо продукция чыгаруунун көлөмү 94 млрд 230 млн сомду түздү. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмү 15 млрд 31 млн сомго көбөйдү. Физикалык көлөмдүн индекси 127,8%га жетип, бул өндүрүштүк жигердүүлүктүн олуттуу кеңейгенинен кабар берет.

Тармак туруктуу динамиканы көрсөтүп, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнө жана өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Scroll to Top