Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөт
11.02.2026 | 12:51

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында сугат тутумдарын жаңылоо боюнча маалымат берди.
Министрдин айтымында, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2 пайыздык чен менен жеңилдетилген насыялар берилет. Бул багыттагы насыяларды берүү жакынкы бир айдын ичинде башталат.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусун толугу менен тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасына өткөрүү пландалып жатканын белгиледи. Бул чара сугат суусун үнөмдөө аркылуу Ысык-Көлгө куюучу суунун көлөмүн көбөйтүү максатын көздөйт. Министр эгер суунун баары дыйканчылыкка жумшала берсе, көлгө баруучу суунун деңгээли төмөндөп кетерин билдирди. Учурда бул боюнча тийиштүү пландар иштелип жатканы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом