АКШ иммиграциялык эмес виза алган кыргызстандыктар үчүн күрөө төлөө талабын киргизди

08.01.2026 | 17:13

2026-жылдын 21‑январынан тартып Кыргызстандын жарандары В-1 (иш сапарлары) жана В-2 (туризм) категорияларындагы АКШнын Иммиграциялык эмес визаларына арыз бергенде 5 000 доллардан 15 000 долларга чейин күрөө төлөөгө милдеттүү. Тиешелүү жобо АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланган. Төлөм АКШнын Каржы министрлигинин тутуму аркылуу гана жүргүзүлөт. Мында күрөөнү төлөө виза берүүнүн кепилдиги болуп саналбайт.

Күрөө менен виза алгандарга АКШнын үч аэропорту — Логан (Бостон), Джон Кеннеди (Нью‑Йорк) жана Даллес (Вашингтон) аркылуу гана кирүүгө жана чыгууга уруксат берилген кошумча чектөө киргизилген.

Scroll to Top