Ош шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылат
Мальтада эки кыргызстандыкты толкун алып кетип, бирөө каза болду
12.01.2026 | 10:22

Мальтада болгон каргашалуу окуядан улам кыргызстандык жаран каза болду. Times of Malta басылмасынын маалыматына ылайык, 11-январда Сент-Джордж булуңунда 48 жаштагы аялды деңиздин толкуну алып кеткен. Анын жанында 23 жаштагы кыз да болгон.
Окуяга күбө адамдар экөөнү суудан чыгарып, дарыгерлер келгенге чейин алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Андан соң экөө тең ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер 48 жаштагы аялдын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Экинчи жабырлануучунун абалы туруктуу деп бааланууда.
Социалдык тармактарда каза болгон аялдын жолдошунун кайрылуусу тарады. Анын айтымында, аялдарды толкун алып кетип, документтери жана телефондору жоголгон. Ал Мальтадагы мекендештеринен байланышууга, жардам көрсөтүүгө жана колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар