Бүгүнкү күндө Ош шаарынын мэриясы тарабынан медицина кызматкерлерине 5 тонна ун таратылды. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.
Сарыбашов 28 автоунаа бекитип берилгенин айтты.
«Ал эми укук коргоо органдарына 5 автобус каралган. Мындан сырткары, Ош шаарына 2 600 кап ун гуманитардык жардам катары келген. Аларды аз камсыз болгон 605 үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген 395 адамга таратылып берилди. Ал эми жардам берүүнүн экинчи этабында 80 тонна ун чындап жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылат», — деди Оштун мэри.