Түркияга жарандарды жумушка орноштурган төрт ишкананын иши токтотулду

13.01.2026 | 12:44

Түркиянын аймагында кыргызстандыктарды ишке орноштурган төрт ишкананын иши мыйзам бузуулардан улам убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Иши токтотулган ишканалар:

  • «Голден ворк & тревел»;
  • «Айрис Тревел»;
  • «Рамай-Саякат»;
  • «Аска-Трэвел».

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул ишканалар лицензия алуу үчүн тапшырган документте Түркиядагы иш берүүчү менен болгон кызматташтык тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эместигин аныктаган.

Министрлик мыйзам бузуулар толук жоюлгандан кийин гана ишканаларга кайрадан иштөөгө уруксат берилерин билдирди.

Scroll to Top