Жаңы Ош базары 2027-жылдын жазында ачылат: негизги курулуш иштери аяктадыКыргызстан менен Казакстан өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдөЫрчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы ыйгарылдыФинкөзөмөл кумар оюндарын бөгөттөө үчүн интернет-трафикти көзөмөлдөөнү сунуштадыБишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салындыБишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөт
Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулат
05.03.2026 | 16:38

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бак курулат. Мындай тапшырманы мэр Жанарбек Акаев бир катар жетекчилер менен аталган дарыянын жээгинде жүргүзгөн рейд учурунда айтты.
Долбоордун алкагында жээктин 7 чакырым аралыгына веложол жана тротуар курулат. Ошондой эле 10 гектардан ашык аймак көрктөндүрүлөт жана жашылдандырылат. Мындан тышкары дарыянын жээгине сейил бактар жана скверлер курулат.
Бул долбоор шаардык инфратүзүмдү жакшыртуу жана жарандар үчүн шарттарды түзүү максатында ишке ашырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом