МСКнын экс-төрагасы Алтынбек Абдывапов жана анын орун басары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу иши боюнча айыпка жыгылды

14.01.2026 | 09:54

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) мурдагы төрагасы Алтынбек Абдываповго жана анын мурдагы орун басары Исламбек Кыдыргычевге карата өкүм чыгарды. Соттун 2025-жылдын 25-декабрындагы чечими менен эки фигурант тең кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылды.

Соттук актыга ылайык, Алтынбек Абдываповго 400 миң сом (4 миң эсептик көрсөткүч) өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Мындан тышкары, ал мамлекеттик сыйлыктардан, атайын наамдардан жана мамлекеттик түзүмдөрдө кызмат ээлөө укугунан ажыратылды.

Мекеме жетекчисинин мурдагы орун басары Исламбек Кыдыргычевге 300 миң сом айып салынды. Сот ошондой эле анын мамлекеттик кызматта ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салды.

МСКнын мурдагы жетекчилерине карата кылмыш ишин алкоголдук продукцияга акциздик маркалардын жүгүртүлүшүнө байланыштуу коррупциялык схеманы тергөөнүн алкагында УКМК козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, бул аракеттерден мамлекетке келтирилген зыян 3,2 миллиард сомду түзгөн.

Тергөө учурунда укук коргоо органдары Алтынбек Абдываповдон жалпы суммасы болжол менен 55 миллион долларды түзгөн активдерди аныкташкан, алардын келип чыгуу мыйзамдуулугу тастыкталган эмес. Буга чейин эки аткаминер тең УКМКнын тергөө абагында камакта болушкан. Учурда райондук соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирди.

Scroll to Top