Ички иштер министрлигинин алдындагы Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу максатында, күн сайын санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу түзүмдүн басм сөз кызматы кабалады.
Маалыматта айтылгандай, күн сайын аскер бөлүктөрүндөгү өздүк курамга медицина кызматкерлери тарабынан жеке коргонуучу каражаттарды туура колдонуунун эрежелери жеткирилүүдө.
[su_image_carousel source=»media: 25694,25697,25696,25695,25698,25699,25700,25701,25693″ crop=»none» autoplay=»4″]
Мындан сырткары кызматка чыгып жаткан жоокерлерге Өзгөчө абалдын режимин камсыз кылуу боюнча жеке коопсуздук чаралары ишке ашыруу боюнча нускамалар өткөрүлүп жатат.
[su_image_carousel source=»media: 25703,25706,25705,25704,25702″ crop=»none» autoplay=»4″]