АКШ 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык визаларды берүүнү токтотту
АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана башка постсоветтик өлкөлөрдүн жарандарына иммиграциялык визаларды тариздөөгө мөөнөтсүз мораторий киргизди. Fox News басылмасынын колуна тийген Мамдепартаменттин ички меморандумуна ылайык, бул чара америкалык салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоого жана «коомдук жүк» (public charge) болуп калышы ыктымал адамдардын өлкөгө киришине жол бербөөгө багытталган.
Чечим иммигранттарды текшерүү жана тандоо жол-жоболору толук кайра каралып чыкканга чейин, белгисиз мөөнөткө күчүнө кирди. Консулдук кызматкерлерге колдонуудагы мыйзамдардын негизинде виза берүүдөн баш тартуу тапшырмасы берилди, мында жаңы эрежелерден өзгөчөлүктөр «өтө чектелген» мүнөздө болот.
Саясаттын катаалдашуусунун негизги себеби катары «коомдук жүк» жөнүндө жобону кеңейтилген түшүнүктө чечмелөөгө кайтып келүү саналат. Бул ченем АКШда мамлекеттик социалдык жардамга көз каранды болуу ыктымалдыгы жогору болгон чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө тыюу салууга мүмкүндүк берет. Жаңы нускамаларга ылайык, арыз ээсин баалоодо консулдук кызматкерлер факторлордун кеңири чөйрөсүн деталдуу эске алууга милдеттүү:
- жашын жана ден соолугунун абалын;
- англис тилин билүү деңгээлин;
- каржылык абалын жана активдеринин бар экендигин;
- узакка созулган же кымбат баалуу медициналык кароого болгон муктаждыктын ыктымалдыгын.
Эгер талапкер буга чейин АКШда кандайдыр бир мамлекеттик акчалай жардам алган болсо дагы, виза берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Томми Пигготт мекеме социалдык колдоо системасын кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу үчүн өзүнүн мыйзамдуу ыйгарым укуктарын колдонуп жатканын тастыктады.