Акыйкатчы Чүйдөгү чет элдиктерди убактылуу кармоо борборунда шарттар начар, укуктар бузулуп жатканын билдирди

15.01.2026 | 11:47

Акыйкатчы институту Чүйдөгү Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоо борборунда кармалгандардын укуктары бузулуп, шарттары начар экенин билдирди.

Бул текшерүүгө чейин, институттун кызматкерлери аталган борборго мониторинг жүргүзүү үчүн барганда, эки ирет киргизилишкен эмес. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева муну “КР Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзамды түздөн-түз бузуу жана жабык жайлардагы укук бузууларды жашыруу аракети катары баалады.

Бул тоскоолдук тууралуу Башкы прокуратурага акт жөнөтүлгөндөн кийин гана, институттун кызматкерлерине мекемеге кире алышкан.

2025-жылдын 3-ноябрында өткөрүлгөн мониторинг учурунда борбордо 160 адам кармалып турганы жана андагы шарттардын адам чыдагыс экени аныкталган:

  • Жылуулуктун жоктугу: Имаратта борборлоштурулган жылытуу системасы жок. Болгону төрт бөлмө гана кондиционер менен жылытылат, калган бөлмөлөр суук.
  • Санитария: Имарат ичиндеги дааратканалар жабык, кармалгандар короодогу үч биотуалетти колдонушат. Душ кабиналары колдо жасалган убактылуу конструкция түрүндө.
  • Тамак-аш: Мекеменин штатында ашпозчу болгонуна карабастан, чет элдик жарандар тамакты сыртта, өздөрү даярдашат.
  • Юридикалык жардамдын жана байланыштын жоктугу: кармалгандардын туугандары, адвокаттары жана котормочулары менен байланышууга мүмкүнчүлүгү жок.

Жамиля Жаманбаева аталган борбордогу мыйзам бузуулар боюнча тынчсыздануусун билдирип, Министрлер Кабинетине аларды жоюу боюнча комплекстүү чараларды көрүү сунушун жөнөттү. Ошондой эле, Ички иштер министрлигин Акыйкатчынын ишине тоскоолдук кылган кызматкерлерге чара көрүүгө жана борбордун ишинин ачыктыгын камсыздоого чакырды.

Scroll to Top