Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн алмаштырылууда? Президенттин иш башкаруучусу түшүндүрдү

15.01.2026 | 16:13

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев эмне себептен мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу зарыл экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, эски айдоочулук күбөлүктөр санариптештирилген эмес жана кээ бир коңшу мамлекеттерде таанылбайт. Бул документти өлкө чегинен тышкары колдонууда кыйынчылыктарды жаратып келген.

Мындан тышкары эски күбөлүктөрдүн коргоосу начар экени айтылды. Алардын көбүндө эски сүрөттөр колдонулгандыктан, адамды аныктоо кыйынчылыкты жаратып келген. Бул күбөлүктү башка бирөө тарабнан колдонулуп кетишине шарт түзгөн.

“Жаңы документтер күчөтүлгөн коргоо элементтерине ээ жана мындай учурларды жокко чыгарууга мүмкүндүк берет, ошондой эле жол коопсуздугу кызматкерлеринин ишин жеңилдетет”,- деп билдирди Туманбаев.

Каныбек Туманбаев ошондой эле «Түндүк» системасы аркылуу айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга арыз берүү үчүн буга чейин 083 формасындагы медициналык маалым кат автоматтык суралып келген. Бул талап дүйшөмбүдөн баштап системадан алынып салынат. Мындай шарт жарандарга айдоочулук күбөлүктү үйүнөн чыкпай туруп, онлайн форматта алмаштырууга мүмкүндүк берет.

Бүгүн, 15-январдан тарта Кыргызстанда эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу жараяны башталды. Акция 15-февралга чейин уланат. Андан кийин жарандар күбөлүктү акы төлөп гана алмаштыра алышат.

Scroll to Top