Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Таиландда поезд кырсыгынан 32 жүргүнчү каза тапты
16.01.2026 | 13:38

Таиландда жүргүнчү ташуучу поезд кырсыкка учурап, 32 адам каза тапты. 64кө жакын жүргүнчү ар кандай жаракат алып, дагы 3 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Bangkok Post басылмасы билдирди.
Кырсык поезд Бангкок – Убон Ратчатхани каттамы боюнча жүрүп баратканда болгон. Курулуш краны темир жолго кулап түшүп кетип, жүрүп бара жаткан поезд рельстен чыккан. Андан кийин ал өрттөнүп кеткен.
Маалыматка ылайык, курулуш краны тай-кытай жогорку ылдамдыктагы темир жолун курууда колдонулган. Кран кулагандан кийин машинист өз убагында токтой албай, поезд кулап жаткан кранга барып урулган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандык жарандар жок экенин билдирди.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар