Алыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулуудаБаткен жана Фергана облустары соода-экономикалык, илимий-техникалык тармактарда кызматташатБишкекте эркек киши балдарга ийне салынган момпосуйларды тараткан деп шектелип кармалды1-апрелге карата аба ырайыБишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калды
Аял кичинекей баланы чыркыратып сабап жаткан видео Казакстанда тартылган
19.01.2026 | 10:13

Кыргызстандын соцтармактарында бир аял кичинекей баланы чыркыратып сабап жатканы тартылган видео тарап жатат. Анда аял аны башка балдардын көзүнчө тепкилеп, уруп жатканын көрүүгө болот. Бишкек шаардык милициясы расмий маалымат таратып, бул видео Казакстанда тартылганын билдирди.
“Аталган окуя Кыргызстандын эмес, Казакстандын аймагында болгон”,- деп айтылат маалыматта.
Бишкек ШИИБ пабликтердин жана баракчалардын администраторлорунан мындай видеоматериалдарды жарыялаганда сөзсүз түрдө так маалыматты берүүнү, ошондой эле элди адаштырган жана коомчулукту тынчсыздандырган материалдарды жарыялоодон карманууну суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар