ЖКда Бишкек мэриясын УАМС баатырлары тууралуу маалыматтык стенддерди иретке келтирүүгө чакырышты«Түндүк» Президенттин иш башкармалыгына өттүТашкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы«Cool Bros» компаниясынын көйгөйү чечилди. Ишке президент кийлигишти
Курулуш министрлиги «Аалам Стройду» лицензиясынан ажыратышы мүмкүн
19.01.2026 | 10:24
Бишкектин Анкара көчөсүндөгү турак жай комплексин текшерүүнүн жыйынтыгы менен курулуш министри Нурдан Орунтаев компанияга 3 млн сом айып салды. Бирок жаза муну менен чектелип калбайт, курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулушу мүмкүн.
Текшерүү 10дон ашык блокто көптөгөн эреже бузууларды аныктады. Алардын арасында:
- блокторду үлүшчүлөргө мыйзамсыз өткөрүп берүү;
- мамлекеттик лабораториялардын ордуна жеке лабораторияларды колдонуу;
- өрт өчүрүүчү гидранттарда суунун жоктугу, бул жашоочулардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.
Натыйжада курулуш иштери толугу менен токтотулду. Атайын комиссия «Аалам Стройдун» лицензиясын убактылуу токтотуу маселесин карайт, ошондой эле курулуштун сапатына кошумча текшерүү жүргүзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом