20-январга карата аба ырайы

20.01.2026 | 09:00

Бүгүн, 20-январда, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын өрөөндөрүндө, дыйканчылык жана тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ашууларга кар жаап, көчкү түшүү коркунучу бар. Калган облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15°C, күндүз -1…-6°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн -11…-13°C, күндүз -2…-3°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн -2…-4°C, күндүз 0…2°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 2…4°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн -3…-5°C, күндүз -1…1°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9°C, күндүз -1…2°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -19…-21°C, күндүз -7…-10°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -11…-13°C, күндүз -2…-4°C болот.
Scroll to Top