Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайы
Дин иштери боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси алмашты
20.01.2026 | 09:47

Талантбек Ташибеков Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Ачык булактардагы маалыматтарда, Талантбек Ташибеков 2015-жылы түзүлгөн «Умра тур» ЖЧКсынын директору катары көрсөтүлгөн.
Эске салсак, буга чейин Дин иштери боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси кызматында Азамат Юсупов иштеп келди. Ал 2025-жылдын апрелинде дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат