Бишкекте президенттин тапшырмасы менен Спорт ордосун масштабдуу реконструкциялоо пландалууда

20.01.2026 | 10:40

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Кожомкул атындагы Спорт ордосунун техникалык абалы тууралуу маселе талкууланды. Депутат Болот Сагынаев объектти жаңылоо зарылдыгына көңүл буруп, иш-чаралардын графиги бир жылга алдын ала түзүлүп калган «Жаштык-Аренасын» реновациялоонун ийгиликтүү мисалын белгиледи.

Парламентарийдин пикиринде, олимпиадалык стандарттагы бассейнди калыбына келтирүү, кошумча аянтчаларды жана футбол талаасын ишке киргизүү аркылуу борбор калаадагы Спорт ордосу өзүн-өзү каржылоо үчүн олуттуу дараметке ээ.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев депутаттарга аталган объект боюнча Садыр Жапаровдун түз тапшырмасы бар экенин маалымдады. Мамлекет башчысы Спорт ордосунун тарыхый макамын сактап калуу менен аны заманбап спорттук комплекстердин үлгүсүндө реконструкциялоо милдетин койгон. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржы ресурстарын табуу жоопкерчилиги Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге жүктөлдү.

Scroll to Top