Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн Оюндарына даярдык көрүү боюнча жумушчу топтун онлайн-жыйыны өттү

20.01.2026 | 15:25

19-январда онлайн форматта Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн Оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты. Жыйынды КМШ Аткаруу комитетинин саясий, гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдөгү кызматташтык боюнча департаментинин директору Алексей Сазонов ачты.

Сазонов КМШ өлкөлөрүнүн IV Оюндары 2027-жылга пландалганын жана ал Кыргызстанда өтөрүн эске салды. Анын пикиринде, Кыргызстандын улуттук спорт түрлөрү боюнча тажрыйбасы жана Шериктештик өлкөлөрүнүн биргелешкен иши долбоорду жаңы, оригиналдуу форматта ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Оюндарды өткөрүүгө даярдыгы тууралуу маалыматын угуп, таймаштардын программасы үчүн спорттун түрлөрү боюнча сунуштарды жактырышты.

Scroll to Top