Кыргызстандык тасмалар Даккадагы фестивалда сыйлыктарга ээ болду
Даккада (Бангладеш) өткөн XXIV Эл аралык кинофестивалда кыргызстандык режиссерлордун эмгектери бир катар абройлуу сыйлыктарга татыды. Азиялык сынактын жыйынтыгы боюнча «Мыкты тасма» үчүн Гран-прини режиссерлор Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиевдин «Курак» тасмасы жеңип алды.
Фестивалдын калыстар тобу «От» тасмасын (режиссерлору Дастан Мадалбеков жана Айзада Бекбалаева) да белгилеп, ага «Мыкты сценарий» сыйлыгын ыйгарды. Аял режиссерлор секциясында «Мыкты режиссура» сыйлыгын «Жетинчи ай» («Седьмой месяц») тасмасы менен Айзада Амангелди алды. Мындан тышкары, Айзада Бекбалаеванын «Күйөө» («Муж») долбоору «Батыш менен Чыгыш жолугушат» сценарийдик лабораториясынын алкагында экинчи орунду ээледи.
Даккадагы кинофорум Бангладештеги эң ири иш-чара болуп саналат жана 1992-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Фестивалдын программасы түрдүү жанрдагы көрсөтүүлөрдү, ошондой эле алдыңкы эл аралык эксперттердин катышуусундагы талкуу аянтчаларын камтыйт.
Эске салсак, 2025-жылдын сентябрында «Курак» тасмасы Түштүк Кореядагы Пусан эл аралык кинофестивалында да таанылган. Анда тасма дароо эки сыйлыкка: Бангладеш — Июль эстелик сыйлыгына жана Ким Чисок атындагы сыйлыкка ээ болгон. Ошол эле форумдун алкагында башка ата мекендик кинематографисттер да өз долбоорлорун сунушташкан: Самара Сагынбаева («Кооптуу коңгуроо» / «Тревожный звонок»), Томирис Орозоева («Убакыт чөлүндө» / «В пустыне времени») жана Дастан Жапар Рыскелди («Баладай жабышкан» / «Липучка как ребенок»).
КР Маданият министрлиги ири азиялык аянтчаларда туруктуу ийгиликтерге жетишүү улуттук кинематографиянын позициясынын бекемделип, дүйнөлүк кино процессине интеграцияланып жатканынан кабар берерин баса белгилейт.