Жогорку Кеңеште Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын турак жай маселеси көтөрүлдү

21.01.2026 | 13:20

Бүгүн, 21-январдагы, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Тажикстандын Жийделик айылынан көчүп келип, Лейлек районунда жашап жаткан этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн көтөрүп чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, алардын көпчүлүгүнүн турак жайы жок, ижарага алынган батирлерде күн кечиришет. Талиева этникалык кыргызсдар Жийделиктен чыгып жатканда, үй-жайларын сатып үлгүрбөй калышканын билдирди. Мындан улам ал мындай жарандарга ипотекалык кредит аркылуу батир берүү мүмкүнчүлүгүн мамлекеттик планга киргизүүнү сунуштады.

“Райондун борбору Раззаков шаарына ипотекалык кредит аркылуу көп кабатуу үйлөр салынып жатпайбы. Ошол жерден квартира берүүнү планга киргизесиздерби? Ушул Жиделик айылынан чыккандардын үй көйгөйү абдан курч”,- деди Талиева.

Жогорку Кеңеште буга чейин да Тажикстандын Жийделик айылынан көчүп келген кыргыздардын жер, жарандык берүү сыяктуу маселелери бир нече жолу көтөрүлгөн. Аталган этникалык кыргыздар 2021-22-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышуулар учурунда Кыргызстанга качып келишкен.

Scroll to Top