«Цзюйхен Недвижимость» компаниясы Кыргызстанда масштабдуу көп функционалдуу комплекс курууну пландап жатат

21.01.2026 | 17:59

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (ИУА) менен «Цзюйхен Недвижимость» компаниясы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Документке кол коюу бүгүн инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө арналган жолугушуунун алкагында өттү.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, инвестор каражатты республиканын аймагында көп функционалдуу комплекс куруу долбоорун ишке ашырууга багыттоо ниетинде. Долбоор заманбап бизнес-борборлорду, турак жай кварталдарын жана соода аянтчаларын курууну камтыйт.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров мекеме инвесторго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. ИУА долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоо жана компаниянын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн координациялоо милдеттенмесин алат. Бул өнөктөштүк чет элдик капиталды тартуу аркылуу шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканын курулуш секторун бекемдөөгө багытталган.

Scroll to Top