Таш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилдиЫсык-Көлдө «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылдыБишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестринин концерти өттү
Бишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 6-орунду ээледи
21.01.2026 | 18:00
21-январга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 6-орунду ээледи.

Учурдагы AQI индекси 179 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «зыяндуу» болуп эсептелет.
Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштар
- «Жакшы» (0-50) көрсөткүчүндө сыртта ээн-эркин жүрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезгич адамдарга сыртта узак убакыт жүрүүдөн кармануу сунушталат.
- «Зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлдерде сыртта болуу убактысын чектөө зарыл.
- «Өтө зыяндуу» (150-249) учурда үйдөн чыкпай коюу абзел.
- Ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде кыска убакытка болсо да сыртка чыгуудан баш тартуу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом