Окуучулар арасында STEM-предметтери боюнча Улуттук олимпиада өтөт. Кантип катышса болот?

Агартуу министрлиги математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиада өтөрүн маалымдап, анын өтө түргөн күндөрүн жарыялады.
Олимпиаданын максаты — зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын илимий-изилдөө иштерине кызыгуусун арттыруу жана эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн өлкөнүн курама командасын даярдоо болуп саналат.
Олимпиада төрт этапта өткөрүлөт. I жана II этаптар онлайн режиминде, III жана IV этаптар офлайн режиминде жүргүзүлөт. Химия, биология жана физика предметтери боюнча IV этап теориялык жана практикалык турлардан турат.
Предметтер боюнча олимпиаданын этаптары:
Математика:
- I этап – 1-февраль (саат 10:00–12:00);
- II этап – 28-февраль (саат 10:00–12:00);
- III этап – 9–10-март (саат 9:00–14:00);
- IV этап – 1–3-апрель (саат 9:00–15:00).
Физика:
- I этап – 31-январь (саат 10:00–13:00);
- II этап – 21-февраль (саат 09:00–13:00);
- III этап – 12-март (саат 09:00–14:00);
- IV этап – 4–6-апрель (саат 9:00–15:00).
Химия:
- I этап – 1-февраль (саат 14:00–16:30);
- II этап – 21-февраль (саат 14:30–17:00);
- III этап – 15-март;
- IV этап – 1–2-апрель.
Биология:
- I этап – 31-январь (саат 10:00–12:00);
- II этап – 14-февраль (саат 10:00–12:00);
- III этап – 14-март (саат 10:00–13:00);
- IV этап – 4–5-апрель.
Информатика:
- I этап – 31-январь;
- II этап – 22-февраль;
- III этап – 13-март;
- IV этап – 7–9-апрель.
Олимпиадага менчик формасына карабастан, жалпы орто мектептин бардык каалоочу окуучулары катыша алышат. Катышуу акысыз.
I этапка катышуу үчүн арыздарды олимпиада башталганга чейин https://kundoluk.edu.gov.kg/ сайты аркылуу же “E-Kundoluk” мобилдик тиркемесиндеги жеке аккаунт аркылуу берүү зарыл. Толук маалыматты министрлик расмий сайтынан алууга болот.