Кыргызстан СПЕКА форумунда сооданы санариптештирүү боюнча долбоорлорду сунуштады

22.01.2026 | 18:55

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов 21–22-январда Ашхабадда өтүп жаткан СПЕКА (SPECA) Экономикалык форумуна катышты. Талкуунун негизги темасы аймактык өз ара байланышты өнүктүрүү жана чек ара аралык соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү болду.

Өз сөзүндө Медербек Туманов «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун Борбор Азиянын транспорттук дараметин чыңдоо үчүн стратегиялык маанилүү объект катары белгиледи. Ошондой эле министрдин орун басары чек арадагы санариптик демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышы, атап айтканда, Өзбекстан менен чек арада e-TIR системасын пилоттук режимде киргизүү жана «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Электрондук өткөрүү пункту» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маалымат берди.

Кыргыз тарап чек ара аралык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу санариптик механизмдерин түзүүгө багытталган жаңы эл аралык пилоттук долбоорлорго активдүү катышууга даярдыгын ырастады. Мекеменин өкүлүнүн айтымында, административдик тоскоолдуктарды минималдаштырууга жана аймактагы товар жүгүртүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап технологияларды киргизүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасы (СПЕКА) 1998-жылдан бери иштеп келет. Уюмдун ишмердүүлүгү Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык аймак ичиндеги экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана катышуучу мамлекеттерди глобалдык экономикалык системага интеграциялоого багытталган.

Scroll to Top