Бишкекте орусиялык окумуштуулардын колдоосу менен заманбап планетарий куруу пландалууда
Кыргызстандын борборунда 2027-жылга карата жаңы илимий-билим берүү объектисин — заманбап планетарийди ишке киргизүү пландалууда. Бул долбоорду ишке ашыруу тууралуу Airun AI-долбоорунун жетекчиси Чыңгыз Арзиев билдирди.
Объекттин концепциясын иштеп чыгууга жана аны илимий жактан коштоого белгилүү астрофизик, физика-математика илимдеринин доктору Владимир Сурдин (М.В. Ломоносов атындагы ММУнун алдындагы П.К. Штернберг атындагы Мамлекеттик астрономиялык институту) катышууда. Комплексти техникалык жактан жабдуу Россия илимдер академиясынын көмөгү менен ишке ашырылат. Аталган академия космос мейкиндигин санариптик визуалдаштыруу үчүн жабдууларды, интерактивдүү тутумдарды жана виртуалдуу реалдуулук технологияларын берери күтүлүүдө.
Долбоордун негизги милдети — мектеп окуучулары менен студенттер арасында астрономия жана физика илимдерин жайылтуу. Аянты 3 миң чарчы метрден ашкан комплекс өз ичине окутуу модулдарын жана лекция өтүү үчүн адистештирилген аудиторияларды камтыйт.
Долбоордун уюштуруучулары заманбап технологиялык база өлкөнүн бардык аймактарынын жашоочулары үчүн көрсөтмөлүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө мүмкүндүк берерин белгилешүүдө. Объектти пайдаланууга берүүнүн болжолдуу мөөнөтү 2027-жылга белгиленген. Планетарийди түзүү илимий инфратүзүмдү өнүктүрүүдө жана билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болуп калмакчы.