Экономика министрлиги Президенттин тапшырмасы менен тигүү тармагын колдоо чараларын иштеп чыга баштады
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Президент Садыр Жапаровдун тигүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларын ишке ашырууга киришти. Бул багыттагы иштер Мамлекет башчысынын «Ынтымак Ордо» резиденциясында жеңил өнөр жай өкүлдөрү менен өткөн кеңейтилген жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлүүдө.
Президент өткөргөн жыйынга ишкерлер, жүн иштетүүчүлөр, Wildberries маркетплейсинин өкүлдөрү, логистикалык компаниялар жана тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Садыр Жапаров тигүү тармагы калкты массалык түрдө жумуш менен камсыздаган жана экспорттук көрсөткүчтөрдүн өсүшүн шарттаган экономиканын стратегиялык сектору экенин баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгы менен министрликтерге жана каржы институттарына өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө тоскоол болгон жагдайларды тез арада жоюу боюнча тапшырмалар берилди. Аталган чаралардын аткарылышы Мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө турат.
Президенттин тескемелерин аткаруу алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын жетекчилиги астында жумушчу кеңешме өттү. Тармактык өкүлдөр менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө тигүү ишканаларынын учурдагы көйгөйлөрү кеңири талдоого алынды.
Учурда мекеме башка мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте бизнести системалуу колдоо жана секторду туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууда. Ишкерлер тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер ишке ашырууга кабыл алынды жана бизнес-коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.