Жеке автомектептердин иши токтотулуп, ишкерлер нааразы болууда. Туманбаев жооп берди

27.01.2026 | 10:46

Бийлик жеке менчик автомектептерди ишин токтотуп, айдоочуларды даярдоону толугу менен мамлекеттик системага өткөрүүнү пландап жатат. Мындан улам жеке менчик автомектептердин ээлери тунгуюкта калышканын айтышып, нааразычылык билдиришүүдө. Алардын айтымында, ишкерлерге жеке автомектептердин жана учурда окуп жаткандардын тагдыры эмне болору, ошондой эле компенсация төлөнөбү же мамлекеттик түзүмдөргө өтүү каралганбы деген суроолорго түшүндүрмө берилген эмес.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев буга жооп берип, жеке автомектептердин ээлерине реформалар тууралуу «Ынтымак Ордодо» өткөн жолугушууда алдын ала маалымдалганын билдирди.

“Биз бардык жеке автомектептердин жетекчилерин «Ынтымак Ордого» чогултуп, бул багытта жүргүзүлө турган реформалар тууралуу алдын ала так жана ачык эскерткенбиз. Ошондуктан бүгүн «уккан эмеспиз» деген жүйө кабыл алынбайт”,- деди ал.

Ошондой эле Туманбаев жеке мектептердеги окутуунун сапатынын төмөндүгү жана айдоочулук күбөлүктөрдү сатуу фактылары бул реформанын негизги себеби болгонун айтты. Жогорудагы мыйзам бузуулар көптөгөн жол кырсыктарына жана адам өлүмүнө алып келген. Анын айтымында, мындан улам бийлик “бирөөнү четке кагуу үчүн эмес, системаны тазалоо үчүн” реформа жүргүзө баштаган.

Жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:

  1. Мамлекеттик көзөмөл: Мындан ары курсанттарды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутат.
  2. Жаңы стандарттар: 2026-жылдын февраль айынын ортосунан баштап жаңы окутуу стандарты жана окутуу планы боюнча арыздар кабыл алына баштайт.
  3. Кадрдык курам: Жеке автомектептердеги тажрыйбалуу адистер жана мугалимдер мамлекеттик окутуу системасына иштөөгө тартылат.
  4. Техникалык жаңылоо: Унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүүчү органдын имаратынан тартып материалдык базасына чейин жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары Туманбаев ушул жылдын февраль айынан тартып жаңы бекитилген стандартка ылайык жаңы окутуу планы менен арыздар кабыл алына баштаарын билдирди.

Scroll to Top