Кыргызстандын илим министри британ элчиси менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тараптар илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндө өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Кыргыз тарап байланыштарды кеңейтүүгө, атап айтканда, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүнүн алкагында жергиликтүү ЖОЖдордо иштөөгө британ окутуучуларын жана профессорлорун тартуу үчүн шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, билим берүү уюмдарын башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу маселеси каралды.
Жолугушуунун катышуучулары британ технопарктарынын тажрыйбасын үйрөнүүгө, ошондой эле жогорку билим берүү жана илим тармагында ведомстволор аралык кызматташтык жөнүндө макулдашууларды даярдоого жана кол коюуга өзгөчө көңүл бурушту.