Кыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталууда

27.01.2026 | 16:53

Экономика министрлиги ишкерлерди текшерүүгө 2027-жылга чейин тыюу салууну (мораторий) киргизүүнү сунуштады. Президенттик жарлыктын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документ ишкердик субъекттеринин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүлөрүн жоюу максатын көздөйт.

Долбоорго ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана текшерүү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилет.

Текшерүү жүргүзүүгө уруксат берилген учурлар:

  1. Кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
  2. Ишкердик субъекттеринин өздөрүнүн арыздары боюнча;
  3. Башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;
  4. Жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча;
  5. Мыйзам бузуулар жөнүндө конкреттүү маалыматтарды камтыган ЖМКдагы жарыялоолор боюнча;
  6. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын негизделген суроо-талаптары боюнча;
  7. Бажы контролун жүргүзүүдө;
  8. Салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр.

Мораторий күчүндө турган мезгилде мамлекеттик контролдоочу органдар пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн, мониторинг жана консультация берүү иштери менен чектелет. Ишкердик субъектилери консультациялык колдоонун алкагында зарыл документтерди же түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Мында берилген маалыматтар мораторий учурунда айыптарды же башка санкцияларды салуу үчүн негиз болуп саналбайт.

Эске салсак, 2024-жылдын башында президенттин жарлыгы менен ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилип, ал 2025-жылдын февралында алынып салынган.

Scroll to Top