Татьяна Кан: Ойлоруңузга көп ишене бербеңиз
Психолог Татьяна Кан пандемиядан кийин эмне үчүн психологго баруу модага айланганы, өз ойлорубузду тизгиндөө мүмкүнбү жана «тарбиясы бузулган» баланы чындап эле оңдоп алса болобу деген суроолорго жооп берет.
Reporter.kg подкастында эксперт психология кантип эл олуттуу карабаган тармактан, Кыргызстандагы эң керектүү кесипке айланганын айтып берди. Ошондой эле, адамдын ой жүгүртүүсүн иретке келтирүүчү когнитивдик-жүрүм-турум терапиясынын маңызын түшүндүрүп, ичтеги кооптонууну, тынчсызданууну басуу боюнча бир катар кеңештери менен бөлүштү.

Андан сырткары, Татьяна Кан ата-энелерди кыйнаган оор маселелерге токтолду: балдардын телефонго байланып калышы, бала психологиясындагы кыйынчылыктар жана өсүп келе жаткан муундун арасындагы өзгөчө балдардын көбөйүшү.
Маектин башкы маңызы – азыркы замандын тынчсызданууларынан кутулуу үчүн сезимдер менен күрөшүүнүн кереги жок. Тескерисинче, аларды туура кабыл алып, ар бир ойду акыл менен талдай билүү керек.
— Татьяна, сиздин бул кесипке келип калууңуз «өзүмдү түшүнүү үчүн» деген классикалык окуябы?
— Ооба десем да болот. Студент-психологдорго көп учурда силердин факультетте жиндилер отурат деп айтышат. Бул орой угулганы менен, кандайдыр бир чындыгы бар. Себеби, көбүнчө адамдар бул кесипке өзүнүн жан дүйнөсүндөгү абал менен күрөшүү үчүн келишет. Менин да түшүнгүм келген үй-бүлөлүк окуяларым бар эле. Ата-энеме рахмат, 90-жылдары алар мени балдар психологуна алып барышчу, ал кезде бул укмуштуудай нерсе болчу. Бул мага абдан таасир этти. Бирок 2020-жылга чейин Кыргызстанда психология толук кандуу кесип катары кабыл алынчу эмес. Менин кесиптештеримдин көбү HR-менеджер, коуч, тренер болуп иштешчү. Консультация берүү чанда кездешүүчү көрүнүш эле.
— Эмне үчүн дал 2020-жыл бурулуш учур болду?
— Пандемия. Адамдар өзү менен өзү бет келип, мурда жумушка же көңүл ачуучу жайга барып качып кутулуп кеткен көйгөйлөрү менен бетме-бет келишти. Мындан улам чоң адамдарда терапияга болгон суроо-талап кескин өстү. Ага чейин аздыр-көптүр балдар психологдору гана суроо-талапка ээ болчу. Социалдык тармактар албетте, популярдуулукка салым кошту, бирок дал ушул пандемия глобалдык триггер болду.
— Сиздин багытыңыз когнитивдик-жүрүм-турумдук терапия. Жөнөкөй тил менен айтканда бул эмне?
— Мындай жакшы сөз бар: «Мээңизге келген ойлордун баарына эле ишене бербеңиз». Психологияда баары жөнөкөй тизмек менен иштейт: алгач бир окуя болот, андан кийин ал тууралуу ой келет, ал ойдон улам бир эмоция жаралат, анан ошого жараша иш кылабыз.
Биздин максат, башыбыздагы ойлорду иреттеп, аларды талдап чыгуу. Биз ойлорду «жакшы» же «жаман» деп бөлбөйбүз. Болгону бул ой чындыкка канчалык жакын деп текшеребиз. Анткени көбүнчө мээбиз бизди алдап, ката ой жүгүртүүгө түртөт.
Мисалы, кээ бир адамдар баарын эле жамандык менен бүтчүдөй сезип, келечекти караңгы көрүшөт. Айталы, жумушта кесиптешиңиз сизге башкача көз караш менен карап койсо эле: Бул мени жаман көрөт окшойт, демек, эч кимге жакпайм, эми жумуштан айдалам деп ойлой баштайсыз. Чынында бул ой чындыкка коошпосо да, адамды сарсанаа кылып, колу-бутун байлап коёт.

— Тынчсыздануу азыркы замандын башкы суроо-талабыбы?
— Албетте. Тынчсыздануу көрсөткүчтөрү жашарып баратат, алар бүгүнкү күндө балдарда да кездешет. Дүйнө буга шарт түзүүдө: биз айлана-чөйрө коркунучтуу деген ойду жараткан негативдүү маалымат агымына чөгүп жатабыз. Терапия сыйкырдуу таблетка эмес, бул өзүнө-өзү жардам берүү куралы. Биздин максат кардарды бул куралды өз алдынча колдонууга үйрөтүү. Кээде, кыйын учурларда, терапия психиатр дайындаган дары-дармек менен бирге жүрүшү керек.
— Ал эми күндүзү тынчсызданууну басуу үчүн универсалдуу лайфхактар барбы?
— Эң негизгиси аны менен күрөшүүнү токтотуу. Тынчсыздануу бул базалык эмоция, анын коргоочу функциясы бар. Каршылык канчалык күчтүү болсо, ал ошончолук күчөйт. Кээде өзүңө тынчсызданууга түз эле уруксат беришиң керек. Менин жеке ыкмам: мен тынчсызданууну баштан өткөрүү үчүн өзүмө эки күн бөлөм. Аны талкуулайм, ыйлайм, жинденем. Адатта эки күндөн кийин коё берет. Эгерде физиологиялык симптомдор (жүрөктүн тез кагышы, тыпырчылоо) жөнүндө айтсак, жай абал жардам берет. Тынч жерге чыгып, жай дем алууга көңүл буруңуз. Негизи, бул чылым чеккендер тыныгуу үчүн колдонгон медитациянын эле бир түрү.
— Сиз балдар менен да иштейсиз. Балдар психологдору жетишсиз экени чынбы? Эмне үчүн?
— Негизи балдар менен иштөө кыйын эмес, алар абдан сонун. Көйгөй башкада: бала өзүнчө эле жашаган адам эмес, ал үй-бүлөнүн бир бөлүгү. Көп учурда ата-энелер баласын психологго: «Оңдоп бериңизчи» — деп алып келишет. Бирок чындыгында маселе балада эмес, анын тегерегиндеги чөйрөдө: үй-бүлөдөгү мамилелерде, мектепте же досторунда болот.
Психолог менен сүйлөшкөндө бала өзүн жакшы сезип, өзгөрүшү мүмкүн. Бирок ал кайра эле баягы уруш-талаш же түшүнбөстүк өкүм сүргөн үйүнө барганда, баары заматта жокко чыгат. Эгер ата-эне өзү да кошо өзгөрүүгө аракет кылбаса, психолог жалгыз эч нерсе кыла албайт. Мына ушундан улам көптөгөн психологдордун ишеничи сынып, бул кесиптен көңүлү калат.
— Баланын өз чөйрөсүнөн качып, телефонго кирип кеткени көйгөйдүн өзү эмес, анын белгиси гана. Эгер бала телефонду колунан алганда ачууланып, агрессия көрсөтсө, эмне кылуу керек?
— Чындыгында, эгер ата-эне баласына телефондон кызыктуураак нерсе сунуштай алса, мисалы, чогуу ойноо, чын дилден сырдашуу же кызыктуу убакыт өткөрүү — анда бала телефонду тандабайт. Баланын гаджетке байланып калышы жөн жерден келип чыкпайт. Бул көбүнчө үй-бүлөдө ишенимдин жоктугунан, тартиптин начардыгынан же баланын жашоосунда кызыктуу эч нерсе жоктугунан кабар берет.
Телефонду күчкө салып тартып алуу чоң кишинин иши эмес, бул балага теңелип, аны менен тең тайлашуу дегендик. Мындай мамиле баланы ого бетер ачуулантат. Өзгөчө өспүрүм курактагылар менен өтө кылдат болуу зарыл, аларга кескин тыюу салуу кооптуу. Кээде ата-эненин сөзүн укпай жатса, бала сыйлаган башка бирөө, машыктыруучусу же агасы аркылуу таасир этүү натыйжалуу болот.
Эң негизгиси, баарын өзүңүздөн башташыңыз керек. Эгер ата-эне өзү колунан телефонун түшүрбөй отурса, анын балага койгон талабы эч качан ишке ашпайт.
— Сиз балдар инклюзиясы менен иштейсиз. Бул эмнеден улам болду?
— Мен нейро-өзгөчөлүгү бар баланын апасымын. Ал үч жашка чыкканда өзгөчөлүктөрү (кеч сүйлөө, ачууланып өзүн кармай албай калуу) байкала баштаганда, биз түшүнбөстүккө туш болдук. Бул менин жеке окуям эле. Азыр мен мектептеги психологиялык борборду жетектейм, ал жерде биз аутизм спектриндеги балдар үчүн чөйрөнү ыңгайлаштырабыз. Мындай балдар көбөйүүдө жана дүйнө аларды кабыл алуу үчүн өзгөрүшү керек. Бул жеке үй-бүлөлөрдүн эмес, бүтүндөй коомдун маселеси.
— Акыркы суроо, көпчүлүк психологго ички тынчтык издеп келишет. Аны кантип тапса болот?
— Менин багытым «Кабыл алуу жана жоопкерчилик терапиясы» деп аталат, жооптун өзү ушул жерде жатат. Башкы ачкыч кабыл алууда. Башыңызга келип жаткан окуяларды жана ичиңиздеги сезимдерди — ал кайгы болобу, ачуулануубу же тынчсыздануубу, алардан дароо качып кутулгуңуз келбегендей кабыл алышыңыз керек.
Чоң кишинин жашоосу дайыма эле майрамдай кубанычтуу боло бербейт. Жашоодо сарсанаа да, жоопкерчилик да көп болот. Бактылуулук бул кимдир бирөө даярдап берип койгон нерсе эмес. Ал адамдын өз эмгегинин натыйжасы. Биринчи кезекте бул жашоонун бардык тарабын, жаманын да, жакшысын да кабыл алуу боюнча ички эмгек. Кээде жөн гана кайгырып коюу да — кадимки эле көрүнүш.
Маектешкен Яна Крайнюкова