Кыргызстанда суу ресурстарынын абалына элүү жыл алдыга божомол даярдалат
Кыргызстанда суу запастарын башкаруунун узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу башталды. Ресурстарды пайдаланууга карата мамилени кайра карап чыгуу боюнча пландар жөнүндө Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чыңгыз Ажибаев менен болгон жолугушууда билдирди.
КР Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институту республиканын суу ресурстарынын абалына 2076-жылга чейин масштабдуу божомол жасоонун үстүнөн иштөөгө киришти. Илимпоздор өлкөнүн бардык суу бассейндерине деталдуу талдоо жүргүзүшөт. Илимий негизделген сценарий глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн суунун агымынын калыптанышына жана мөңгүлөрдүн абалына тийгизген таасирин эске алат. Бул мамлекеттик органдарга ондогон жылдарга алдыга сууну бөлүштүрүүнү жана керектөөнү натыйжалуу пландаштырууга мүмкүндүк берет.
Стратегиялык пландоо менен катар Суу ресурстары кызматы булактарды толук инвентаризациялоодо. Бардык иштеп жаткан скважиналар жана жер астындагы горизонттор бирдиктүү санариптик маалымат базасына киргизилет. Санариптик эсепке алууну киргизүү суу запастарын пайдаланууну системалуу көзөмөлдөөнү жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган. Абдыбай Жайлообаев болжолдоо жана санариптештирүү боюнча чаралардын комплекси узак мөөнөттүү келечекте республиканын суу жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн пайдубал болуп каларын баса белгиледи.