Мамлекеттик автомектептердеги окутуунун баасы 19 миң сом болот

28.01.2026 | 15:01

Мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы 19 миң сом болот. Бул боюнча расмий чечим кабыл алынганын Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал коомчулукта тарап жаткан “окутуунун баасы 100-200 миң сом болот экен” деген маалыматтар чындыкка дал келбээрин билдирди.

“Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды. Ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт”,- деп билдирди.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечими коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн жасалып жатканын айткан.

Scroll to Top