Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалды
26.02.2026 | 17:53

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды алып кирүү фактысын аныктады.
Текшерүү учурунда жүк ташуучу унаадан мөөнөтү өткөн 4 миң 179 куту таттуу табылган. Жүктүн иш жүзүндөгү салмагы 11 тоннаны түзгөнү менен, коштоочу документтерде 7 тонна деп көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, текшерүүдө суукка каршы кошулмалар, тездеткичтер, гидроизоляциялык материалдар, боёктор, грунттар жана арматуралар бар экени аныкталган.
Бул факт боюнча салык кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, автотранспорт каражаты пломбаланып, убактылуу токтотуучу жайга киргизилди. Материалдар мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар