Унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуунун баасы убактылуу арзандатылды

29.01.2026 | 16:48

Кыргызстанда унаа каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алуунун баасы убактылуу төмөндөтүлдү.

Министрлер кабинетинин маалыматында, мындай чечим унаа ээлери үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Ага ылайык, караңгылатуунун баасы төмөндөгүдөй бекитилди:

  • Жеке жактар үчүн — 35 миң сом;
  • Юридикалык жактар үчүн — 55 миң ;
  • Резидент эместер үчүн — 75 мин сом.

Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Scroll to Top