Чубак ажыга «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү сунушталды

Өлкө башчы Садыр Жапаров диний ишмер Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-февралда, жаңы дайындалган Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алган учурда билдирди.
Жолугушууда Талантбек Ташибеков мекеменин 30 жылдыгына карата пландалган иш-чаралар боюнча маалымат берип, эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин көтөргөн. Президент бул демилгеге макулдугун билдирген.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров диний чөйрө жана этностор аралык мамилелер маселелери жоопкерчиликтүү мамилени талап кыларын белгиледи. Ал өткөн жылы аталган комиссиянын макамы Улуттук агенттик деңгээлине көтөрүлгөнүн, бул мекеменин институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын эске салды.
Жолугушуунун соңунда Президент агенттиктин ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылууну, дин аралык жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө боюнча тапшырмаларды берди.