Кыргызстанга кант кызылчасын жыйноочу Беларусь техникасы келди
Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрү түшүм жыйноо процессин оптималдаштыруу үчүн жаңы технологиялык чечимдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Беларустун «АгроОборудование» ЖЧК ишканасы кант кызылчасын натыйжалуу жыйноо үчүн иштелип чыккан заманбап айыл чарба техникасынын катарын сунуштады. Жергиликтүү дыйкандар үчүн маалыматтык өнөктүктү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Сунушталган техникалардын алкагында «БП‑2» сабак жыйноочу машинасын жана «КСП‑3» жарым чиркелме комбайнын камтыган «РОКОТ» маркасындагы машиналардын тандемине өзгөчө көңүл бурулган. Сабак жыйноочу машина сабактарды автоматтык түрдө кесүү жана майдалоо ишин аткарса, ал эми комбайн тамыр жемиштерди жыйноону камсыздайт. Бул техникалык топтомду колдонуу жыйноо процессин автоматташтырууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана өнөр жайлык кайра иштетүүгө даярдоодо чийки заттын жоготууларын азайтууга шарт түзөт.