Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Казакстанда кафеде жарылуу болуп, 7 адам каза тапты
27.02.2026 | 13:14

Казакстандын Щучинск шаарындагы “Плов борбору” кафесинде жарылуу болуп, анын кесепетинен 7 адам каза болду. Дагы 19 адам жабыр тартты. Бул тууралуу 27-февралда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Каза болгондордун арасында 16 жаштагы өспүрүм кыз бар. Учурда 13 жабырлануучу ар кандай күйүк алып, ооруканада дарыланууда, дагы алты адам амбулатордук көзөмөлгө чыгарылган.
Учурда окуя болгон жерде кырсыктын себептери такталып жатканы айтылды. Акмола облусунун акимчилиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга жардам көрсөтүлөрүн маалымдады.