Венгрияда Султан Раевдин «Топон» аттуу китеби венгр тилинде жарык көрдү

04.02.2026 | 14:41

Будапешт шаарында мамлекеттик ишмер жана жазуучу Султан Раевдин венгр тилине которулган «Топон» аттуу жаңы китеби басылып чыкты. Бул тууралуу автор социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Жаңы жыйнакка «Топон» романы, «Күн кармаган бала» жана «Кашаба» повесттери кирген. Бул Султан Раевдин Венгрияда жарык көргөн экинчи китеби. 2023-жылы аталган өлкөдө анын «Жанжаза» романы басылып чыгып, венгр окурмандары арасында чоң резонанс жараткан.

“Венгрия – атактуу акын Шандор Петөфинин, өткөн жылы Нобель сыйлыгын алган Краснахоркаи Ласлонунун, менин эң сүйүктүү композиторум Ференц Листин мекени. Адабият менен өнөр мекени Венгрияда чыгармамдын венгр тилинде жарык көрүшү тек гана мен үчүн эмес, кыргыз улут адабияты үчүн да чоң сыймык деп айтар элем”,- деп билдирди жазуучу.

Султан Раевдин айтымында, кыргыз жазуучуларынын ичинен буга чейин Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары гана жарык көргөн. «Жанжаза» жана «Топон» китептерин венгр котормочусу Жозеф Горетитю которгон.

«Топон» жыйнагынын бет ачар аземи Венгр маданияты жана руханияты борборунда өттү. Иш-чарага венгр адабиятчылары, коомчулук өкүлдөрү, студенттер жана адабият сүйүүчүлөр катышты.

Scroll to Top