Кыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыяладыЧүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулатКыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — МаматалиевБишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосун реконструкциялоого даярдык көрүлүүдө
ИИМ: Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран изделүүдө
02.03.2026 | 11:09

Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Милицияга Сокулук районунун социалдык кызматкери арыз менен кайрылып, ушул жылдын башында жашы жете элек кыз зордукталганын билдирген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин маалыматында, кылмышка 1979-жылы туулган Жумаев Турат Касымович шектелүүдө. Ал өзүн «Турат» деп тааныштырат. Учурда анын жүргөн жерин тактоо иши жүрүүдө.
Милиция изделип жаткан жаран тууралуу маалыматы бар адамдарды 102 кызматына же 0501 93-55-34, 03132 6-62-61 номурларына кабарлап коюуну суранат. Маалымат берген жарандардын анонимдүүлүгү сакталат жана аларга сыйлык акы берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар