Asman Airlines ишканасы Airbus A321 учактарынын жаңы дизайнын тааныштырды

05.02.2026 | 14:39

«Asman Airlines» авиакомпаниясы бир жылдын ичинде сатып алып, эл аралык маршруттарга чыгарууну пландап жаткан Airbus A321 учактарынын жаңы дизайнын иштеп чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg редакциясына «Кыргызстан аэропорттору» ААКкы билдирди.

Учактардын жаңы дизайны Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн жаңы этабынын символу болуп саналат. Авиакомпания бул учактар менен эл аралык каттамдарды аткарууну жана ишмердүүлүк багыттарын кеңейтүүнү пландоодо. Долбоор дүйнөлүк аэропорттордо Кыргызстандын авиация тармагынын таанылуусун камсыз кылуу максатында даярдалган.

«Ар бир штрих компаниянын философиясын чагылдырат: заманбаптык, ишенимдүүлүк жана өз жүргүнчүлөрүнө болгон сый-урмат. Биз дүйнөнүн каалаган аэропортунда биздин A321ди көргөн адамдар бул Кыргызстан экенин дароо түшүнүшүн каалайбыз. Бул алдыга ишенимдүү кадам таштаган өлкө»”,- деп билдирди ишкана.

Scroll to Top