Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Сокулукта ооруканага караштуу имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды
26.03.2026 | 16:08

Сокулукта баасы 5 млн 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында райондук оорукананын аймагындагы мүлк мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.
Тактап айтканда, жалпы аянты 226 чарчы метр болгон жер тилкеси жана андагы имарат 2007–2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилген.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында аталган мүлк Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар