АКШда төрт адам каза болгон кырсыкка байланыштуу кыргызстандык жаран камакка алынды

АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы (ICE) Индиана штатында төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 30 жаштагы кыргызстандык жаранды камакка алды.
ICE кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 3-февралда саат 16:00 чамасында State Route 67 трассасында болгон. Б.Б. башкарган жүк ташуучу унаа алдындагы транспорттун артынан токтоого жетишпей, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ичинде 15 жүргүнчүсү бар кичи автобус менен кагылышып, төрт адам каза болгон. Учурда бул фактыны Индиана штатынын полициясы жана Жей округунун шерифинин башкармалыгы иликтөөдө.
ICE кыргызстандык жаран АКШга CBP One колдонмосу аркылуу киргенин, ошондой эле ал Пенсильвания штатынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) алганын билдирди.
“Б. Б. бир гана CBP One аркылуу Байдендин администрациясы тарабынан өлкөгө киргизилбестен, ага Пенсильваниянын губернатору Шапиро коммерциялык айдоочулук күбөлүк да берген. Бул чечимдер өлүмгө алып келген кесепеттерди жаратып, шейшемби күнү Индианада төрт бейкүнөө адамдын өлүмүнө себеп болду», — деген АКШнын ички коопсуздук министри Триша Маклафлиндин жардамчысы.
Кыргызстандык жаран 5-февралда Жей округунун түрмөсүнөн ICE кызматына өткөрүлүп берилип, камакка алынган. Ал иммиграциялык териштирүү аяктаганга чейин камакта калары айтылды.