Коомдук ишмерлер, саясатчылар президенттик шайлоону тез арада өткөрүүнү суранып, Садыр Жапаровго кайрылышты

Коомдук ишкерлер, саясатчылар жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлерден турган топ өлкө башчы Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жасашып, президенттик шайлоону тез арада өткөрүүнү сунушташты. Кайрылууга жалпы 75 адам кол койгон.
Кайрылууда Кыргызстанда акыркы жылдар ичинде жасалган иштер жетишкендиктер айтылып, ошону менен бирге өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр саналган.
Андан кийин кайрылууда акыркы мезгилде коомдо президенттик шайлоо боюнча кызуу талкуулар жүрүп жатканы айтылган. Бул талкууга Садыр Жапаровдун президенттикке мурдагы Конституция боюнча шайлангандыгы, ал эми мамлекет азыр жаңы Конституциянын негизинде иштеп жатканы негиз болгону айтылат. Себеби эски жана жаңы Баш мыйзамда эки башка президенттик мөөнөт белгиленген.
“Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Нурланбек Тургунбек уулу! Жогоруда белгилеген өлкө алдыдагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз.
Мындай кадам ар кандай талаш-тартыштардын, кошумча түшүндүрмөлөрдүн, коомдук бөлүнүп-жарылуулардын жана мүмкүн болгон Конституциялык сотко кайрылуулардын алдын алат деп ишенебиз”,- деп айтылат кайрылууда.
Кайрылууга кол койгондордун арасында мурдагы премьер-министрлер, мурдагы депутаттар жана башка мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, маданият кызматкерлери бар. Кол койгондордну толук тизмеси жана кайрылуу менен таанышуу үчүн ушул шилтемени басыңыз.