Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
ЖК электрондук векселдерди киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кароодо
30.03.2026 | 17:18
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети векселдер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документ электрондук векселдерди (e-вексель) киргизүүнү карайт.
Каржы министринин орун басары Умутжан Аманбаев маалымдагандай, демилге каржы инфраструктурасын модернизациялоого жана карыз милдеттенмелеринин жүгүртүү инструменттерин санариптештирүүгө багытталган.
Анын айтымында, электрондук вексель эсептешүүлөр жана ликвиддүүлүктү башкаруу үчүн келечектүү инструмент болуп саналат жана бир катар артыкчылыктарга ээ. Ошол эле учурда кагаз түрүндөгү векселдерден баш тартуу каралган эмес — алар электрондук формат менен катар колдонулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Жогорку Кенеш