Бишкек мэриясы мектеп класстарын кыргыз жана орус тилдүү деп бөлүүдөн баш тартууну сунуштады
Борбор калаанын муниципалитетинин Билим берүү департаменти Билим берүү жана илим министрлигине жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу тутумун реформалоо боюнча сунуш жөнөттү. Демилге класстарды кыргыз жана орус тилдүү деп бөлүү тажрыйбасын жоюп, анын ордуна окутуунун көп тилдүү моделине өтүүнү карайт.
Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында департаменттин башчысы Рахат Мусаева мындай мамилени кайра карап чыгууга кадрдык кризис негизги фактор болгонун түшүндүрдү. Учурда борбор калаанын мектептеринде 400гө жакын мугалимдик бош орун бар. Адистердин эң курч тартыштыгы орус тилинде окуткан класстарда байкалууда.
Сунушталып жаткан реформа окуучуларды бириктирүүнү жана билим берүү процессин бир эле учурда эки тилде жүргүзүүнү камтыйт. Концепцияга ылайык, предметтердин бир бөлүгү кыргыз тилинде, бир бөлүгү орус тилинде окутулат, ал эми келечекте айрым модулдарды англис тилинде киргизүү пландалууда.
Демилгенин авторлорунун пикиринде, мындай интеграцияланган окутууга өтүү колдо болгон педагогикалык курамга түшкөн жүктөмдү оптималдаштырууга жана административдик тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүндүк берет. Учурда бул сунуш тийиштүү министрликте кароо стадиясында турат. Шаар бийлиги жаңы тутум тар профилдеги кадрлардын жетишсиздиги шартында сапаттуу билим берүүнү камсыз кылууга багытталганын баса белгилейт.