Жапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 жол техникасын берди
Жапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 даана жол куруу жана тейлөө техникасын берди. Транспорт министрлигинин маалыматында, 11-февралда техникаларды тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити, JICAнын туруктуу өкүлү Нишигато Котаро, транспорт министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев жана президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов катышты.
Мындан тышкары агетнттиктин колдоосу менен Баткен районунда саатына 35 тонна продукция өндүрүү кубаттуулугуна ээ асфальт-бетон заводу орнотулду.
Асфальт-бетон заводунун ишке кириши жолдорду куруу жана оңдоо үчүн зарыл болгон материалдар менен камсыз кылууга шарт түзөт. Ал эми алынган техникалар жолдорду тейлөө иштерин ыкчамдатуу максатында колдонулары айтылды.





