Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы: артыкчылыктар жана негизги чакырыктар
Узап кеткен, 2025-жылдын сентябрь айынан тарта Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык кылууда. Бул уюм Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөрдүн географиясы боюнча эң ири эл аралык интеграциялык түзүмдөрдүн бири болуп саналат. Мындай макам бир жагынан Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын активдүү илгерилетүүгө кызыкдар мамлекет катары эл аралык аброюн жогорулатса, экинчиден республикага экономикалык, соода-логистикалык жана гуманитардык кызматташтыкты күчөтүү, уюмдун алкагында ортомчу жана координатор катары регионалдык коопсуздукту камсыздоого катышуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.
ШКУга төрагалык мезгилине көз салып, Кыргызстандын артыкчылыгы тууралуу сө кылсак, Бишкектин ШКУ мейкиндигинде жана анын чегинен тышкары да узак мөөнөттүү туруктуулукту жана коопсуздукту сактоого салым кошууга умтулуусун белгилөө зарыл. Бул максат дүйнөлүк саясатта туруксуздук күчөп турган шартта өзгөчө мааниге ээ. Муну менен катар Кыргызстан экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана туруктуу өнүгүү жаатындагы актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө багыт алууда. Борбор Азиядагы климаттык чакырыктардын күчөшү, экономикалык жана саясий чыңалуунун өсүшү бул милдеттердин маанисин арттырууда.
Кыргызстандын мындай максаттарды реалдуу түрдө ишке ашырууга даярдыгын өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү да далилдейт. Мисалы, Кыргызстандын Кытайдагы ыйгарым укуктуу элчиси Актилек Мусаева 2025-жылдын 23-октябрында Пекиндеги ШКУнун катчылыгында өткөн жумушчу брифингинде Бишкектин уюмдун мазмундуу күн тартибин калыптандырууга жигердүү катышуу ниетин белгилеген. Мында аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга түздөн-түз байланышкан бир катар тармактарда санариптик трансформацияны стимулдаштыруу зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.
Кеңири караганда, азыркы дүйнөдөгү саясий кырдаал туруксуз болуп, мурдагыдай так жана түшүнүктүү тартип сакталбай калды. Өлкөлөр ортосунда атаандаштык күчөп, соодага кошумча төлөмдөр киргизилүүдө. Айрым аймактарда узакка созулган чыр-чатактар күчөп жатат. Чоң мамлекеттердин саясий пикир келишпестиктеринен улам айрым өлкөлөргө санкциялар салынууда. Мунун баары эл аралык мамилелердин мурунку калыптанган тартибин өзгөртүп жатат. Ошондуктан мындай шартта өлкөлөр өз экономикасына жана социалдык абалына тышкы терс таасирлерди азайтуу үчүн биргелешип жол издеши зарыл болуп калды.
Ошондуктан Кыргызстан ШКУга төрагалык кылып турган мезгилде экономикалык коопсуздукка, каржы системасынын туруктуулугуна жана мүчө өлкөлөрдүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бишкек ушул багыттарды уюмдун иш планына канчалык так, ырааттуу жана тең салмактуу киргизе алса, төрагалыктын жыйынтыгы да ошончолук натыйжалуу болот. Мындан тышкары, бул Кыргызстандын ШКУнун Евразиядагы маанилүү кызматташтык аянтчасы катары ролун бекемдөөгө кошкон салымын да аныктайт.
Дастан Токольдошев