Садыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту
Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталды
27.03.2026 | 12:51

Эсептөө палатасы курулуш тармагында 1 млрд 585 млн 293,5 миң сомдук каржылык бузууларды аныктады. Бузуулар Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2024-жылдагы ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында белгилүү болгон.
Текшерүүдө төмөнкү каржылык бузуулар аныкталды:
- Дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар — 1 млрд 169 млн 294,1 миң сом;
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана көлөмүн жогорулатуу — 166 млн 87,5 миң сом;
- Башка булактардан каржылануучу чыгымдарды бюджеттин эсебинен төлөө — 85 млн сом;
- Каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу — 40,1 млн сом;
- Эсепке алынбаган мүлктүн болушу — 26,6 млн сом;
- Эмгек акы жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ашыкча чыгымдар — 24 млн сом;
- Капиталдык салымдарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар — 23,4 млн сом;
- Мажбурлап өндүрүү суммаларын бюджетке толук эмес чегерүү — 15,9 млн сом;
- Белгиленген өлчөмдөн ашык аванстык төлөмдөрдү которуу — 7,7 млн сом;
- Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тартибин сактабагандык — 7 млн сом;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн кечиктирилиши — 4,4 млн сом.
Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, аныкталган бузуулардын ичинен 349 млн 414,9 миң сому калыбына келтирилиши керек. Текшерүү учурунда анын 122 млн 191,3 миң сому (35%ы) калыбына келтирилген.
Ошондой эле мекеме Курулуш министрлигине каржылык тартипти чыңдоо, бюджеттик мыйзамдарды сактоо жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тапшырмаларды берди.