Казакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштырууда
Казакстан коңшу мамлекеттерди интернетке жеткиликтүүлүк менен камсыздоо үчүн өзүнүн спутниктик инфраструктурасын колдонууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Казакстан Республикасынын Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев билдирди.
Ведомствонун пландарына ылайык, интернет-трафик Казакстанда курулган Starlink гейтвей-станциялары аркылуу республиканын чегинен тышкары чыгарылат. Үстүбүздөгү жылы сигнал берүүнү Тажикстанга, ал эми андан ары — Кыргызстанга жана Монголияга баштоо пландаштырылууда.
Министрдин айтымында, мындай демилге Казакстандын санариптик байланыш жаатындагы аймактык лидер катары позициясын бекемдөөгө багытталган.
Жаслан Мадиев ошондой эле байланыштын ички инфраструктурасын өнүктүрүү тууралуу маалыматтарды келтирди:
- 2026-жылы 1,9 миң айылга оптикалык-була линиялары тартылат.
- Кийинки жылга карата өлкөдө интернет-тармагы менен камтуу 90 пайыздан ашышы керек.
- Республикалык маанидеги бардык жолдор зарыл болгон интернет-инфраструктура менен камсыздалат.
Белгилей кетсек, Starlink тармагы Тажикстандын бүткүл аймагында расмий негизде жогорку ылдамдыктагы интернет кызматтарын көрсөтүп баштады. Келечекте казакстандык станциялар аркылуу транзит Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү үчүн да спутниктик технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт.